Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | 2019-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. Өмүрбекованын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы өттү.
1555
post-template-default,single,single-post,postid-1555,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

2019-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. Өмүрбекованын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы өттү.

2019-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. Өмүрбекованын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы өттү.

 

2019-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
А. Өмүрбекованын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы өттү.

Коллегиянын жыйынында 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу отчет берилип, 2019-жылдын иш планы каралды.

Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңешинини депутаттары чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигрант жарандарынын учурдагы абалы, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар тууралуу маселелерге көңүл бурушту. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. Өмүрбекова тарабынан 2019-жылга белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын ишмердигине карата бир катар сунуштар берилип, сын-пикирлер айтылды. Айрыкча, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарип форматына өткөрүү иштерин күчөтүү, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жана аткаруучулук тартипти күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча иштери канааттандыраарлык деп табылып, 2019-жылдагы иш планга берилген сунуштар жана сын-пикирлер эске алынды.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.