Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Миграциялык мунапыс – 2019
541
page-template-default,page,page-id-541,page-child,parent-pageid-448,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Миграциялык мунапыс – 2019

Миграциялык мунапыска туш келген адамдардын тизмеси боюнча издөө:

 

  1. Эреже бузуу менен, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн  «ТЕКШЕРҮҮ»
  2. Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө чектөө коюлган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн (“кара тизме”) «ТЕКШЕРҮҮ»

 

28.03.2019 жылы Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарында эки мамлекеттин башчыларынын денгээлинде жетишилген кыргыз-россия келишимдин алкагында россия тарабы Россия Федерациясынын аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын легалдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды

Кыргыз Республикасынын жарандарын легалдаштыруу  (“Миграциялык мунапысты” колдонуу)

2019-жылдын 22-апрелине чейин уланат

 

Россия Федерациясынан аймагына кирүүгө чектөө коюлган 

Кыргыз Республикасынын жарандары

(“Кара тизме”)

 

Миграция мыйзамдарын бузуу менен, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары

(“Легалсыздар”- Мыйзамсыздар)

 

Мунапыска туш келгендер Мунапыска тиешеси жоктор Мунапыска туш келгендер Мунапыска  тиешеси жоктор
“РФнан чыгуу жана РФна кирүү тартиби жөнүндө” №114 Федералдык мыйзамынын 26 беренесинин 4 жана 8 пунктуларынын негизинде РФнын аймагына кирүүгө чектөө коюлган КРнын жарандары (“кара тизме”)

Бул жарандар кайрадан Россияга 2019-жылдын 1-майынан тартып кире берсе болот.

– “РФнан чыгуу жана РФна кирүү тартиби жөнүндө” №114 Федералдык мыйзамынын 26-беренесинин 2, 9, 10- пунктуларына жана 27-беренесинин (баардык пунктары), Россияга кирүүгө чектөө коюлган КРнын жарандары;
– Россиянын сот органдарынын чечими менен “кара тизмеге” киргизилгендер, анын ичинде өз алдынча чыгып кетүү жөнүндө соттун чечими кабыл алынган КРнын жарандары (бирок, соттун чечимин аткарбай РФнан чыгып кетпегендер)
Экертүү:
Бул жарандар тыюу салуу мөөнөтү аяктаган соң гана кире алышат.
Роосия Федерациясынын аймагында жүрүү мөөнөттөрүн бузуу менен жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары административдик жоопкерчиликке тартылбастан, «кара тизмеге» киргизилбестен жана Россия Федерациясынын аймагынан чыкпай туруп эле өзүнүн жүрүү абалын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Бул жарандар 2019-жылдын 22-апрелине чейин РФнын ИИМнин Миграция суроолору боюнча Башкы башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнө ID-карт же болбосо чет элдик паспорт менен баруусу зарыл, ал жерде жаранга жаӊы миграцилык карта берилет.
Андан кийин, Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык 30 күндүн ичинде миграциялык каттоого туруусу зарыл.
– Издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары.

– Өз алдынча Россиядан чыгып кетүү жөнүндө сот органдарынын чечимин аткарбай Россия Федерациясынан чыгып кетпеген КРнын жарандары

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!!! РФнын аймагына кирген Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык 30 күндүн ичинде миграциялык катоого туруусу керек.