Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2019-20121-жылдарга бюджеттик чыгымдарынын орто мөөнөттүү стратегиясын карап чыгуу
1145
post-template-default,single,single-post,postid-1145,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2019-20121-жылдарга бюджеттик чыгымдарынын орто мөөнөттүү стратегиясын карап чыгуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2019-20121-жылдарга бюджеттик чыгымдарынын орто мөөнөттүү стратегиясын карап чыгуу

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 75, 84-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 “Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2019-20121-жылдарга бюджеттик чыгымдарынын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоору боюнча коомдук угуу өткөрдү.

Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасы Эсептөө палатасынын, жарандык коомдун өкүлдөрү презентация учурунда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2019-20121-жылдарга бюджеттик чыгымдарынын орто мөөнөттүү стратегиясы тууралуу маалымат менен таанышты.

Бюджеттин долбоору каралып чыкты жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн келип түшкөн сунуштар кабыл алынды. Бюджеттик документтердин долбоорлору андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберилди.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.