Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Мамлекеттик миграция кызматынын жана РФдагы Өкүлчүлүктүн жардамы менен эмгек акысын төлөтүп берүү боюнча кайрылган кыргызстандыктарга 36 млн. 754 миң рубль төлөнүп берилди
1256
post-template-default,single,single-post,postid-1256,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Мамлекеттик миграция кызматынын жана РФдагы Өкүлчүлүктүн жардамы менен эмгек акысын төлөтүп берүү боюнча кайрылган кыргызстандыктарга 36 млн. 754 миң рубль төлөнүп берилди

Мамлекеттик миграция кызматынын жана РФдагы Өкүлчүлүктүн жардамы менен эмгек акысын төлөтүп берүү боюнча кайрылган кыргызстандыктарга 36 млн. 754 миң рубль төлөнүп берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан биздин өлкөбүздүн жарандарынын майзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча, ошондой эле алардын эмгек ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү жаатында жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Россияда эмгектенген кыргызстандыктар көпчүлүк учурда убактылуу каттоодон өтүү, РФнын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлган тизмеден (кара тизме) чыгаруу, жумуш берүүчү тарабынан эмгек келишим түзүүдөн баш тартуу жана эмгек акынын төлөнбөй калышы боюнча кайрылышууда.
2018-жылдын 6 ай аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жана анын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен эмгек акысынын төлөнбөй калышы боюнча кайрылган кыргызстандыктарга 36 млн. 754 миң рубль төлөнүп берилди.
Айлык акынын төлөнбөшү боюнча Мамлекеттик миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнө жогоруда белгиленген убакыт аралыгында баардыгы 433 кайрылуу келип түшкөн. Эмгек тартибин бузгандыгы үчүн (жумушка чыкпай коюу, кечигүү, материалдык зыян келтирүү ж.б.) жумуш берүүчү тарабынан айлык акысынан мыйзамдуу түрдө кармалып калган учурлар да кездешүүдө. Жумуш берүүчү тарабынан кыргызстандык жумушчулардын айлык акыларын өз ыктыяры менен төлөп берүүдөн баш тарткан учурлар боюнча РФнын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына чара колдонуу өтүнүчү менен 243 кайрылуу жөнөтүлгөн. РФнын Тергөө комитетинин жергиликтүү бөлүмдөрү менен бирге аракеттешүүнүн натыйжасында, ири өлчөмдөгү карызы бар жумуш берүүчүлөргө карата кылмыш иштери козголгон.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын коргоого ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында, РФнын эмгек жана жумуштуулук Федералдык кызматы, РФнын ИИМнин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгы жана башка мамлекеттик органдар менен бирге кызматташуу тууралу иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары РФнын миграция чөйрөсүндөгү жана эмгек укугу боюнча мыйзамдар тууралу биздин республикабыздын жарандарын маалымдоо жана аларга кеңеш берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул максатта кыргызстандыктардын диаспоралык бирикмелеринин өкүлдөрү менен ар дайым жолугушуулар өткөрүлүп турат, ошондой эле биздин жарандарыбыз көп санда эмгектенген ишканаларда жана мекемелерде да түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.