Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2017-жылдын жыйынтыктарын жана 2018-жылдагы Кыргыз Республикасындагы миграциялык саясаттын негизги приоритеттүү багыттарын тааныштырды.
687
post-template-default,single,single-post,postid-687,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2017-жылдын жыйынтыктарын жана 2018-жылдагы Кыргыз Республикасындагы миграциялык саясаттын негизги приоритеттүү багыттарын тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2017-жылдын жыйынтыктарын жана 2018-жылдагы Кыргыз Республикасындагы миграциялык саясаттын негизги приоритеттүү багыттарын тааныштырды.

Бүгүн, 2018-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматында КР вице-премьер министри Ч. А. Султанбекованын жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусу менен коллегия өттү.

Азыркы учурда 700 миңден ашык КР жарандары эмгек миграциясында жүрүшөт, анын ичинде Россия Федерациясында – 640 миңден ашык, Казакстанда – 35 миң, Түштүк Кореяда – 5 миң, Түркияда – 30 миң, башка алыскы чет өлкөлөрдө (Европа, АКШ, Жакынкы Чыгыш, Азия) – 20 миңден ашык адам.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтары боюнча, 2016-жылы КРга 1991,3 млн. АКШ доллары, ал эми 2017-жылдын 11 айында – 2 288,09 млн. АКШ доллары которулган, бул өткөн жылдын ошол эле отчеттук мезгилине караганда 20%га көп.

2017-жылы миграция чөйрөсүндө 5 мыйзам долбоору жана ЧУА кабыл алынган.

2018-жылга негизги приоритеттер аныкталды:

– Миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;

– Жаңы нускамаларды иштеп чыгуу;

– чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерди мамлекеттик колдоо боюнча КР Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу;

– Коомчулукка маалымат берүү;

– Жүк 200 боюнча төлөмдөр процедурасын жеңилдетүү;

– Жаңы сайтты түзүү;

– Мыйзамсыз миграцияны кыскартуу;

– Маалыматтын ачыктыгы;

– Электрондук башкарууну киргизүү.

 

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.