Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Төрагасы Б.Ибраимжановдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграция кызматкерлеринин майрамы менен куттуктоосу
1192
post-template-default,single,single-post,postid-1192,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Төрагасы Б.Ибраимжановдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграция кызматкерлеринин майрамы менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Төрагасы Б.Ибраимжановдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграция кызматкерлеринин майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер!

Урматтуу мамлекеттик миграция кызматынын  кызматкерлери!

 

Бүгүн 26-июнь Кыргыз Республикасынын калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Мамлекеттик миграция кызматында, Сиздер чоң жоопкерчиликти, калкыбызга ак ниет кызмат кылууну, мекендештерибиздин жашоосун жакшыртууну, эл-жерибиздин келечегинин түптөлүшүн бекемдөөнү, жана өз мекениңиздерге жан-дилиңиздер  менен ак эмгек кылууну ар бириңиздер алдыга койгон максатыңыздар экенин таамай айтып кетким келет. Ал эми эл үчүн эмгектенүү суунун булагындай тазалыкты, жан-дүйнөдөй аруулукту, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты талап кылат. Ошондуктан урматтуу кесиптештер Сиздерде жогоруда айтылган сөздөрдүн баардык касиеттерин, жүрөгүңүздөргө бекем тутуп, иштөөңүздөр зарыл.

Өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган  миграция жаатында улуттук долбоорлордун жана программалардын ишке ашырылышы жана адамдардын турмуш деңгээлинин жакшырышы  Сиздердин иш алып барууңуздарга байланган. Өлкөнүн тагдыры үчүн Сиздерге артылган жоопкерчилик өтө зор. Элибиздин ишенимин актап, ага ак кызмат кылуу ар бирибиздин милдетибиз.

Урматтуу кесиптештер, Сиздерге чың ден-соолук, кажыбас-кайрат, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Өлкөбүз ар дайым тынчтыкта жана бейпилдикте өнүгө берсин!

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.