Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | ДОКУМЕНТТЕРДИ КОНСУЛДУК ЛЕГАЛДАШТЫРУУ
566
page-template-default,page,page-id-566,page-child,parent-pageid-544,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

ДОКУМЕНТТЕРДИ КОНСУЛДУК ЛЕГАЛДАШТЫРУУ

ДОКУМЕНТТЕРДИ КОНСУЛДУК ЛЕГАЛДАШТЫРУУ

Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн документтерди консулдук легалдаштыруунун схемасы (тартиби):

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик нотариалдык конторасы;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти;
4) аймагында документтер пайдаланыла турган чет мамлекеттин Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси, же чет мамлекетте (аймагында документтер пайдаланыла турган) аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси

Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтерди консулдук легалдаштыруунун схемасы (тартиби):

1) Чет мамлекеттин компетенттүү органы;
2) Чет мамлекетте аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

Эгер документтер Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан легалдаштырылбаган учурда:

1) Чет мамлекеттин Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломаттык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

Консулдук легалдаштырууга жатпаган документтер:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген “Консулдук легалдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого” ылайык, төмөндөгү документтер легалдаштырууга жатпайт:

  • паспорттор
  • аскердик билеттер
  • эмгек китепчелери
  • айдоочунун күбөлүктөрү
  • транспорт каражаттарын каттоо тууралуу техникалык паспорттор
  • профсоюздук билеттер
  • коомдук катмары жана дини тууралуу документтер

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү же анын жарандарынын аброюна шек келтирүүчү мазмундагы документтер мыйзамдаштырылбайт.

 

Манилүү маалымат!
1993-жылдын 22-январында Минск шаарында жана 2002-жылдын 7-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга ылайык, компетенттүү мекемелер же ага атайын ыйгарым укуктуу адам тарабынан анын компетенциясынын чегинде белгиленген формада берилген же күбөлөндүрүлгөн жана гербдүү мөөр менен бекитилген документтер төмөндөгү мамлекеттердин:

  • 1. Азербайжан Республикасы;
  • 2. Армения Республикасы;
  • 3. Беларусь Республикасы;
  • 4. Грузия;
  • 5. Казакстан Республикасы;
  • 6. Молдова Республикасы;
  • 7. Россия Федерациясы; 
  • 8. Тажикстан Республикасы;
  • 9. Түркмөнстан;
  • 10. Өзбекстан Республикасы;
  • 11. Украина.

 

1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына катышкан мамлекеттердин (Гаага конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн тизмесин караңыз) аймагында жасалган расмий документтер  легалдаштыруудан бошотулган (дипломаттык же консулдук агенттер жасаган документтерден жана коммерциялык же бажы операцияларына түз тиешелүү болгон административдик документтерден тышкары).

Бул учурда документтер Кыргыз Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан апостилди берүү аркылуу күбөлөндүрүлөт.
Муну менен катар, 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясы төмөндөгү мамлекеттер Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулуусуна байланыштуу каршылыктарын билдиргендигинин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын жана аталган мамлекеттердин ортосунда колдонулбайт:

  • 1. Австрия Республикасы;
  • 2. Бельгия Падышалыгы;
  • 3. Германия Федеративдүү Республикасы;
  • 4. Греция Республикасы.

Гаага конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн тизмесин жүктөө

Кабыл алуу күндөрү: Күн сайын, шаршемби, ишемби жана жекшембиден тышкары.
Кабыл алуу убактысы: Документтерди кабыл алуу – саат 11:00 тартып 12:30 чейин.
Документтерди берүү – саат 16:00 тартып 17:00 чейин.
Документтерди кароо мөөнөтү: 10 иш күнгө чейин.

Эскертүү: Легалдаштыруу үчүн документтин ээлеринен документтер алынат. Документтин ээси жок болгон учурда, документтер нотариалдык күбөлөндүргөн ишеним кат болгондо кабыл алынат.

Документтерди консулдук легалдаштыруу үчүн КР ИИМ ККД алуучу консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдардын тарифтери

Консулдук иш-аракеттердин аталышы

Консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдардын чендери, сом

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары берген ар бир документти легалдаштыруу үчүн:

-жеке жактардан
-юридикалык жактардан

170 
630
Чет мамлекеттин мамлекеттик органдары берген ар бир документти легалдаштыруу үчүн:
-жеке жактардан
-юридикалык жактардан
300
1030
Билими тууралуу документтерди легалдаштыруу үчүн: Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билими тууралуу диплому, Кыргыз Республикасынын орто билими тууралуу аттестаты, билим берүүчү курстарды бүткөндүгү тууралуу сертификаттар 1300