Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | «Миграцялык мунапыска» туш келген жарандардын тизмеси жарыяланды
1682
post-template-default,single,single-post,postid-1682,single-format-quote,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

«Миграцялык мунапыска» туш келген жарандардын тизмеси жарыяланды

— «Миграцялык мунапыска» туш келген жарандардын тизмеси жарыяланды

 

Кыргыз-Россия макулдашууларын жүзөгө ашыруунун алкагында Россия тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына “миграциялык мунапыс” берүү чечими кабыл алынды.

2019-жылдын 22-марты – 22-апрели аралыгында Россия Федерациясынын аймагында болуу мөөнөтүн бузуу менен жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына, Россия Федерациясынын аймагынан чыкпастан туруп, административдик жоопкерчиликке тартылбастан, анын ичинде “кара тизмеге” киргизилбестен өз статусун мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилди.

Бул үчүн, белгиленген убакыттын ичинде Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын бардык райондук бөлүмдөрүнө инсандыгын ырастаган документ менен (ID-карт же жалпы жарандык паспорту менен) кайрылса, ал жерлерде жаңы миграциялык карточка берилет. Андан кийин, Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген тартипте 30 күндүн ичинде  миграциялык каттоого туруш керек.

Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарын бузуу менен, Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-к/ жана http://mitapp.pro:8015  шилтемелер боюнча же Миграция кызматынан расмий сайтынын “Миграционная амнистия-2019” бөлүмүнө кирип өздөрүн тизмеден текшерүү мүмкүнчүлүк берилет.

Ошону менен бирге, “Россия Федерациясынын аймагынан чыгуу жана кирүү тартиби жөнүндө”  №114 Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 4 жана 8-пунктуларына ылайык, Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтындагы төмөнкү шилтеме боюнча өздөрүн текшерип алганга мүмкүнчүлүктөрү бар: http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-кы/.

Бул категориядагы жарандарга Россия Федерациясынын аймагына 2019-жылдын 1-майынан тартып кирүү сунушталат.

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарын бузуу менен Россиянын аймагында жүргөн мекендештерибизди “миграциялык мунапысты” пайдаланып калууга жана Россия Федерациясынын аймагында жүрүү статусун мыйзамдаштырууга чакырат. Ошону менен бирге, бул маалыматты туугандарыңыздарга, тааныштарыңыздарга жана досторуңуздарга колдон келишинче таратууңуздарды өтүнөбүз.

 

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Бишкек шаарындагы Маалыматтык-консультациялык борбор:

+996 (312) 64 17 64

+996 (312) 65 02 57

Ош шаарындагы Маалыматтык-консультациялык борбор:

+996 (3222) 2 50 87

 

Кызуу байланыш – 1899;

 

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынындагы Элчилигинин кызуу байланыш номери – + 7 925 103 29 11

 

Ушул “миграциялык мунапыстын” алкагында негизсиз тоскоолдуктар орун алса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясынындагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча дароо байланышка чыгыңызыдар: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 12 “А”, e-mail: pred.migras@mail.ru жана кызуу байланыш номерлери:

 

+7 (495) 780 74 12;

+7 (495) 780 74 13;

+7 (495) 780 74 10.

Урал федералдык округунун телефону:

+7 963 450 55 00;

Сибирь федералдык округунун телефондору:

+7 395 243 67 09;

+7 923 333 07 93;

+7 963 268 72 42

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.