Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Миграция кызматынын жаңы сайты иштей баштады
959
post-template-default,single,single-post,postid-959,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Миграция кызматынын жаңы сайты иштей баштады

Миграция кызматынын жаңы сайты иштей баштады

ssm.gov.kg деп аталган сайт кыргыз өкмөтүнүн “Таза коом” программасынын алкагында түзүлүп, ишке киришти. Мамлекеттик миграция кызматынан “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, сайтта түрдүү кеңештерди онлайн режиминде алып, мекемеге кайрылууга жана электрондук санариптик кол коюу менен документтерди да тапшырууга мүмкүнчүлүк бар.

Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз катчысы Кубан Бекмуратовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, сайт үч тилде иштейт:

– Ушул тапта сайтыбыз орус тилинде иштеп жатат. 15-марттан тартып кыргыз жана англис тилдеринде да иштей баштайт. Сайттын мобилдик версиясы да иштелип чыккан.

Бекмуратовдун маалыматына караганда, жаңыланган сайт маалыматтарды ачык алуу жана коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин алкагында иштелип чыккан.

https://www.azattyk.org/a/29093538.html

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.