Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!
1509
post-template-default,single,single-post,postid-1509,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын атынан чет өлкөлөрдөгү эмгекчилерди, кыргыз диаспораларынын жетекчилерин жана мүчөлөрүн 2019 – Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздердин талыкпас эмгегиңиздер жана туруктуулугуңуздар үчүн чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин көпчүлүгүңүздөр мектептердин, спорт комплекстеринин, социалдык жана инфратүзүмдүк объектилердин   курулушуна, өндүрүштөрдүн ачылышына, жаңы жумуш орундарын түзүлүшүнө көмөк көрсөтүп, медицина, билим берүү, искусство жаатында жана башка чөйрөлөрдө топтогон баа жеткис билимдерин жана көндүмдөрүн бөлүшүп, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө зор салымдарын кошуп жатат.

Ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбыз менен тыгыз байланышта иштешип, эмгекчи-мигранттардын коопсуздугун жана кызыкчылыктарын коргоодо жана аларды бар күчү менен укуктук жактан колдоого алууда.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, бакубат турумуш каалайм. Жаңы жылда эңсеп күткөн тилектериңиздер, ой-кыялдарыңыздар орундалсын.

Жаңы жыл өлкөбүзгө береке тартуулап, кут даарыган жылдардан болсун. Жаңы жылыңыздар менен!

 

 

Урматтоо менен,

Төрага Болотбек Ибраимжанов

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.