Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Бириккен улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы качкындар маселесин замандын курч көйгөйлөрүнүн бири деп таанып 20 июнду  Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү деп жарыялаган (4 декабрь 2000 ж.).
1173
post-template-default,single,single-post,postid-1173,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 
Бириккен улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы качкындар маселесин замандын курч көйгөйлөрүнүн бири деп таанып 20 июнду  Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү деп жарыялаган (4 декабрь 2000 ж.).

Бүгүнкү күндө качкындар маселеси глобалдуу масштабга ээ болду. Дүйнөдө 2016 жылдын аягында   65 миллиондон  ашык   адам  куугунтук, кагылыш жана зомбулук менен байланышкан кырдаалдар натыйжасында аргасыз орун которгон.

Эл аралык коомчулук бул адамдар туш болгон оор тагдырды жеңилдетүү боюнча өзүнүн күч-аракеттерин бириктирүүдө. Анын ичинде качкындардын статусу жөнүндө 1951-жылдагы БУУнун Конвенциясынын 1996-жылдан бери катышуучусу  болгон   биздин өлкө да өз мүмкүнчүлүгүнө жараша качкындардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча  ишке салымын кошууда. Алсак, Кыргызстан 90-жылдардан тартып, өзүнө алган эл аралык  милдеттенмелерге берилгендигин билдирип, 20 миң качкынга коргоо бере алды.

Өткөн жылдарда бул жаатында бир кыйла  прогресс болду деп айта алабыз. Аларга качкындар боюнча  бир кыйла өркүндөтүлгөн мыйзамды  айтсак болот, ал БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармасынын (БУУ КЖКБ – УВКБ ООН), эл аралык эксперттеринин пикири боюнча эл аралык укукка жана  дүйнөлүк стандарттарга туура келет.  Анын ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасында качкындарга жашоого, окууга жана эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк берген укуктар жана  эркиндиктер берилген, ошондой эле өз каалоолоруна жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өз келечектерин кура алышат .

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.