Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн ички кадрлар резервинде турган адамдарга конкурс жарыялайт
1722
post-template-default,single,single-post,postid-1722,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн ички кадрлар резервинде турган адамдарга конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн ички кадрлар резервинде турган адамдарга конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн ички кадрлар резервинде турган адамдарга конкурс жарыялайт

Борбордук аппарат

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу маселелери боюнча) – 1 бирдик (К-Б)

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– баардык жогорку билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажысына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, Республикасынын мыйзамдарын;

– Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-сентябрындагы №639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону, 2015-жылдын 23-июнундагы №402 токтому менен бекитилген Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобону, 2003-жылдын 4-апрелиндеги №188 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы качкындар менен иштөө жөнүндо жобону, 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө жобону, 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө жобону, 2015-жылдын 11-декабрындагы №854 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө жобону, 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө жобону.

 

Билгичтиги:

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын өз убагында сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү жаат боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбада качкындар маселеселелеринин жана башпаанек издегендердин жаатында талдоо жүргүзүү, аларды иш жүзүндө колдонуу;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

 

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

– өз милдеттерин аткаруу үчүн уюштуруу техникаларын жана компьютерди колдоно билүү.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.