Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт
1574
post-template-default,single,single-post,postid-1574,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт

Миграция саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бирдик (К-Б)

 Жалпы квалификациялык талаптар

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын,

– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын кодексин;

– өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүү.

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– баардык жогорку билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажысына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.

Билгичтиги:

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү жаат боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларды талдап чыгуу, аларды иш жүзүндө колдонуу;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүдөй керектүү документтерди тапшыруу керек (конкурска деп жазуу менен):

– жеке арызын, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасын;

– өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– резюмесин;

– сүрөтүн (3х4, кызыл фондо) – 2 даана;

–  паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин көчүрмөсүн (паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин түп нускасы конкурста көрсөтүлөт);

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтеринин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими тууралуу документтеринин көчүрмөсү, квалификациясын жогорулаткандыгы, окумуштуулук даража, окумуштуулук наам ж.б.у.с. ыйгаруу тууралуу документтеринин көчүрмөсү).

Көктөмөгө тиркелген документтер Бишкек шаары, Москва көчөсү, 194 (Үмөталиев көчөсү менен кесилишет), № 102 кабинет дарегине 2019-жылдын 19-март саат 18:00гө чейин жиберилиши керек.

Кошумча маалыматтарды 0312 30 05 24, 0701 551 517 телефондору аркылуу жана www.mkk.gov.kg. сайтынан ала аласыздар.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.