Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт
1512
post-template-default,single,single-post,postid-1512,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт

Борбордук аппарат

Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси – 1 бирдик (У-Б)

 

Жалпы квалификациялык талаптар

Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын,

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

3) -“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын кодексин;

– өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– юриспруденция, эл аралык мамилелер, менеджмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык жана социалдык илимдер жаатында жогорку билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө”;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын  15-декабрындагы №793 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иммигрант статусун берүү жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябры №626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону.

Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү жаат боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларды талдап чыгуу, аларды иш жүзүндө колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

– эл алдында сүйлөө.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

– ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүдөй керектүү документтерди тапшыруу керек (конкурска деп жазуу менен):

– жеке арызын, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасын;

– өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– резюмесин;

– сүрөтүн (3х4, кызыл фондо) – 2 даана;

–  паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин көчүрмөсүн (паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин түп нускасы конкурста көрсөтүлөт);

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтеринин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими тууралуу документтеринин көчүрмөсү, квалификациясын жогорулаткандыгы, окумуштуулук даража, окумуштуулук наам ж.б.у.с. ыйгаруу тууралуу документтеринин көчүрмөсү).

Көктөмөгө тиркелген документтер Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1 (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет), № 12 кабинет дарегине 2019-жылдын 22-январы саат 18:00гө чейин жиберилиши керек.

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга ылайык келген конкурсанттар конкурска катышуу үчүн чакырылат. Байланыш телефондорун милдеттүү түрдө жазуулары керек.

Кошумча маалыматты (0312) 30-05-24 телефонунан же www.mkk.gov.kg сайтынан ала аласыз.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.