Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт
1482
post-template-default,single,single-post,postid-1482,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт

Борбордук аппарат

Басма сөз кызматы – 1 бирдик (Г-Б)

 

Жалпы квалификациялык талаптар

 

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын,

– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын кодексин;

– өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүү.

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку кесиптик билим: журналисттик, гуманитардык, социалдык.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын:  “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” , “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө”.

 

 

Билгичтиги:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана медиа-пландарды иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүнүштүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүү ыкмаларын интеграциялоо;

– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

– ЖМК менен чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

– сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, пресс-релиздерди түзүү;

– ЖМК, башка мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар менен иштөө.

 

Көндүмдөрү:

– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү;

–  кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүдөй керектүү документтерди тапшыруу керек (конкурска деп жазуу менен):

– жеке арызын, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасын;

– өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– резюмесин;

– сүрөтүн (3х4, кызыл фондо) – 2 даана;

–  паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин көчүрмөсүн (паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин түп нускасы конкурста көрсөтүлөт);

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтеринин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими тууралуу документтеринин көчүрмөсү, квалификациясын жогорулаткандыгы, окумуштуулук даража, окумуштуулук наам ж.б.у.с. ыйгаруу тууралуу документтеринин көчүрмөсү).

 

Көктөмөгө тиркелген документтер Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1 (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет), № 12 кабинет дарегине 2018-жылдын 17-декабры саат 18:00гө чейин жиберилиши керек.

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга ылайык келген конкурсанттар конкурска катышуу үчүн чакырылат. Байланыш телефондорун милдеттүү түрдө жазуулары керек.

Кошумча маалыматты (0312) 30-05-24 телефонунан же www.mkk.gov.kg сайтынан ала аласыз.

 

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.