Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Жер-жерлерде этностук кыргыздар менен жолугушуулар өткөрүлдү
1613
post-template-default,single,single-post,postid-1613,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Жер-жерлерде этностук кыргыздар менен жолугушуулар өткөрүлдү

Жер-жерлерде этностук кыргыздар менен жолугушуулар өткөрүлдү

Жер-жерлерде этностук кыргыздар менен жолугушуулар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.Ибраимжановдун тиешелүү буйругуна ылайык, этностук кыргыздар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында 2019-жылдын 13-16-март күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарына кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбетова иш сапарга жиберилди.

Жогоруда белгиленген иш-чаранын алкагында белгилүү болгондой, этностук кыргыздар чөйрөсүндө негизги көйгөйлүү маселелер болуп, кайрылман макамын алууга документ тапшырууга, кайрылман ырастамасын узартууга көпчүлүгүнүн Бишкек шаарына келип кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктугу эсептелинет. Мындан сырткары этностук кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу мөөнөтү жылдап созулгандыгы, жашаган жери боюнча каттоого туруу маселелери чечилбей келүүдө.

Жооптуу кызматкер тарабынан кайрылман макамына документ тапшыруунун, кайрылман ырастамасын узартуунун тартиптери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле “ЭлТР”, “ЖТР” телеканалдарына жана “ЭлФМ” радиосунда этностук кыргыздардын маселелери боюнча интервьюлар берилди.

Соӊунда этностук кыргыздардын өкүлдөрү менен биргеликте Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров менен жолугушуу өткөрүлүп, жеринде чечилүүчү маселелер талкууланды. Жыйынтыгында мэрия тарабынан кезекте турган этностук кыргыздарга жер участокторун берүү, каттоого коюу, жөлөкпул алуу ж.б. маселелерге көмөк көрсөтүү тууралуу чечимдер кабыл алынды.

 

 

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.