Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Көңүл бургула! Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн ички кадрлар резервиндегилер үчүн конкурс жарыяланат
1738
post-template-default,single,single-post,postid-1738,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Көңүл бургула! Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн ички кадрлар резервиндегилер үчүн конкурс жарыяланат

Көңүл бургула! Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн ички кадрлар резервиндегилер үчүн конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт

Борбордук аппарат

Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси – 1 бирдик (У-Б)

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку юридикалык билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы №5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы;

– “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы №313 токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы №152 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону.

Билгичтиги:

– топтоо, анализдөө, систематташтыруу жана маалыматты жыйынтыктоо;

– аналитикалык документти даярдоо;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрду жүргүзүү;

– жаңы эмгек шарттарга ыңгайлашуу.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

– ишин пландаштыруу жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.