Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Вакансии
487
page-template-default,page,page-id-487,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Вакансии

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы төмөнкүдөй административдик бош кызмат ордун ээлөө үчүн Ички кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт

 

Борбордук аппарат

Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн адиси (укуктук камсыздоо боюнча) – 1 бирдик (К-Б)

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку юридикалык билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажысына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Электрондук кол коюу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Персоналдык мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы №152 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы №5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлу №517 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомун;

 

Билгичтиги:

– тапшырмаларды сапаттуу аткаруу, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин пландаштыруу;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– командада иштөө.

цифралык компетенттүүлүк боюнча

–  текст, графика жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

– файлдарды, апкаларды түзүү жана иштөө (аталышын өзгөртүү, көчүрмөлөө, башка жакка көчүрүү, жоготуу жана калыбына келтирүү);

– тышкы перифериялык түзүлүштөрдү кошуу;

– диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө);

– кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугун колдоо үчүн статистикалык дайындарды талдоо жана маалыматтарды иштеп чыгуу;

– файлдардын өлчөмүн кичирейтүү жана дайындардын чоң көлөмдөрүн жиберүү/кабыл алуу;

– презентацияларды уюштуруу;

– дайындарды таблица, диаграмма жана графика түрүндө жиберүү;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системасын пайдалануу;

– веб-конференц-байланыштарды уюштуруу тиркемесин пайдалануу;

– текстти оңдоо жана редакциялоо;

– электрондук каттарды жиберүү жана алуу;

– издөө системасмын пайдалануу;

– ар кандай браузерлер менен иштөө;

– кызматтык этиканын нормаларын эске алып, социалдык тарамдарда кылдат байланыш түзүүң;

– антивирустук программаларды пайдалануу;

– шифрлөө аркылуу маалыматтык системаларды жана дайындарды коргоо;

– логин жана пароль койгонду билүү;

– компьтер менен иштөө учурунда маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– офис техникалары менен иштөө (көчүрмөлөө аппараты, принтер, сканер, проектор жана интерактивдүү такта, факс).