Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Болотбек Ибраимжанов Борбордук Азиядагы БУУ КЖКБнын Өкүлү менен жолугушту
1242
post-template-default,single,single-post,postid-1242,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Болотбек Ибраимжанов Борбордук Азиядагы БУУ КЖКБнын Өкүлү менен жолугушту

Болотбек Ибраимжанов Борбордук Азиядагы БУУ КЖКБнын Өкүлү менен жолугушту

2018-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Борбордук Азиядагы БУУнун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын (БУУ КЖКБ) Өкүлү Ясуко Ода айым менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Ясуко Ода айым БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы качкындарга башпаанек берүү жана алардын укугун коргоо боюнча ишмердүүлүгү тууралу айтып берди. Ошондой эле, ал бул багыттагы эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов БУУ КЖКБга колдоо көрсөтүп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, талкууланып жаткан маселер боюнча кылынып жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, ал башпаанек системасын жана качкын статусун аныктоо тартибин мындан ары өнүктүрүү маселелери тууралу да сөз кылды.

Белгилеп кетсек, БУУнун 1951-жылдагы качкындардын статусу жөнүндө Конвенцияга жана ага карата 1967-жылдагы Протоколуна Кыргызстан 1996-жылы кошулган. Ошол учурдан тартып, биздин республика качкындарды кабыл алууну жана качкындар чөйрөсүндөгү узак мөөнөттүү чараларды (өз ыктыяры менен репатриациялоо, жергиликтүү коомчулук менен жуурулушуп жашоого ылайыкташтыруу, үчүнчү мамлекеттерге көчүрүү) ишке ашыра баштаган

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, тараптар кызматташуунун деңгээли менен канааттангандыкты жана качкындар чөйрөсүндө мындан ары биргелешип иш алып барууга  даяр экендиктерин билдиришти.

 

 

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.