Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Урматтуу Кыргызстандыктар!
1100
post-template-default,single,single-post,postid-1100,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Сиз Россия Федерациясына Дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүү учурнуда, т.а. 2018-жылдын 14-15-июлу аралыгында барууну пландаштарып жатсаңыз төмөнкүлөрдү билип алууга тийишсиз. Россия Федерациясынын Президентинин 2017-жылдын 9-майындагы № 202 “Россия Федерациясында 2018-жыл – FIFA жана 2017-жыл – FIFA конфедерациялар кубогу дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүү мезгилинде коопсуздуктун күчөтүлгөн чараларын колдонуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2018-жылдын 25-майы – 25-июлу аралыгында Волгоград, Екатеринбург, Казань, Калининград, Москва, Нижний Новгород, Ростова-на-Дону, Самара, Санкт-Петербург, Саранск, Сочи шаарларынын аймагында 2018-жыл –    Дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүү мезгилинде коопсуздуктун күчөтүлгөн чаралары киргизилет. Ошондой эле келүүчүлөрдү жана чет өлкөлүктөрдү каттоонун жана эсепке алуунун өзгөчө тартиби иштеп баштайт.

Убактылуу жүрүү үчүн (убактылуу же туруктуу жашоо) келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды келген же жашаган жери боюнча каттоого коюу, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү аймактык органында кабыл алуучу тарап же түздөн-түз чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Россия Федерациясынын майзамдарында каралган документтерди көрсөткөн учурда келчү же жашачу жерине келген күндөн тартып бир сутканын аралыгында ишке ашырылат.

Матч өткөрүлүүчү шаарларда адамдар же автомобилдер дене бойду жана автомобилдерди текшергенден кийин гана коё берилүүчү “контролдонуучу зона” киргизилет. 2018-жыл  – Дүйнөлүк футбол чемпионаты  өткөрүлүүчү шаарларга туристтик автобустардын кирүүсүнө тыюу салынат.

Жогоруда белгиленген Жарлыктын 5-пунктуна ылайык 2018-жылдын 1-июну – 17-июлу аралыгында Казань, Москва, Нижний Новгород, Ростова-на-Дону, Самара, Санкт-Петербург, Сочи шаарларынын аймагына, 2018-жылдын 1-30-июну аралыгында Волгоград, Екатеринбург, Калининград, Саранск шаарларынын аймагына төмөнкүлөрдөн тышкары автобустардын кирүүсүнө тыюу салынган:

а) муниципалдык, муниципалдар аралык каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташыган автобустардан; б) Россия Федерациясында өткөрүлүп жаткан 2018-жыл – Дүйнөлүк футбол чемпионатын көрсөтүүнү камсыз кылган жандооч навигациялык аппараттары менен жабдылган автобустардан; в) ведомстволор аралык ыкчам штаб тарабынан аныкталган тартипте, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу аймактык органы тарабынан аталган шаарлардын аймактарына киргизүү чечими кабыл алынган автобустардан.

Белгиленген талаптарды бузуу Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.