Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Тажикстан Республикасынын Мургаб жана Ляхш (Жергетал) райондорунда жашаган калкына, ошондой эле Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чон Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү..
2425
post-template-default,single,single-post,postid-2425,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Тажикстан Республикасынын Мургаб жана Ляхш (Жергетал) райондорунда жашаган калкына, ошондой эле Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чон Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү..

Тажикстан Республикасынын Мургаб жана Ляхш (Жергетал) райондорунда жашаган калкына, ошондой эле Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чон Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү..

     

 

Бүгүн 2020-жылдын 21-июнунда Кыргыз Өкмөтүнүн тиешелуу буйругуна ылайык, Тажикстан Республикасынын Мургаб жана Ляхш (Жергетал) райондорунда жашаган калкына, ошондой эле Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чон Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамдар жүктөлгөн унаалар, Ош шаарынан жонөп кетти.
Тажикстан Республикасына жиберилген гуманитардык жардамдын курамын 200 тонна ун, 4000 шт жууркандар, 550 коробка гигиеналык топтомдор түзөт.
Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чон Памирине берилчу жардамдын курамы, жалпы 25 тонна ун, 10 тонна курүчч, 2.5 тонна өсүмдүкк майы, 1000 даана жылуу жууркандар жана 200 коробка гигиеналык топтомдордон турат.
Гуманитардык жардамга акча каражаты Кыргыз Өкмөтүнүн атайын эсебинен болүнуп берилип, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган жук ташуучу унааларга жүктөлүп жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматы уюштуруу иштерине жооптуу мамлекеттик орган катары бекитилген.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Кичи жана Чон Памирде жашаган этникалык кыргыздарга тиешелуу көломдө медикаменттер сатылып берилип, ошондой эле ар бир экспедиция мүчөсү жана айдоочулар вирустан коргоочу каражаттар менен толук камсыздалды.
Аталган гуманитардык достук жардам Тажикстан Республикасынын Мургаб районунун элине Ош облусунун Алай районунун, ал эми Ляхш (Жергетал) районунун калкына Чон-Алай районунун атынан тапшырылмакчы.
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.