Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны өзүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшерсе болот?
2654
post-template-default,single,single-post,postid-2654,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны өзүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшерсе болот?

Өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны өзүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшерсе болот?

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн консулдук учетко туруу, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу – милдеттүү жол-жобо экени жөнүндө айтып бергенбиз.
Мыйзамга ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөдөгү консулдук учетто турган жарандар тийиштүү участоктогу шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.
Шилтеме аркылуу өтүп, өзүңдү тизмеден онлайн текшерүүгө болот: https://tizme.gov.kg/. «Аймактар» графасында «КР ТИМ» пунктун тандоо керек. Тизмеден өзүңдү тезирээк табуу үчүн фамилияны толугу менен жазып, аттын биринчи 3 баш тамгасын жазууга болот. Издөөдө орус алфавитинин гана тамгалары жазылат. Эгерде фамилияда «уулу» же «кызы» бар болсо, сөздөрдүн ортосунда бир кенемте калтырууга болот. Мисалы, «Жениш уулу».
Добуш берүү участкалары биздин өлкөнүн элчиликтеринде жана консулдуктарында жайгаштырылат. Акыркы тизме добуш берүүгө чейин жети күн калганда шайлоо участогунда илинет.
Өз шайлоо укугун ишке ашыруу – демек, өлкөнүн келечеги көз каранды болгон тандоону кылуу!
*
Как гражданину Кыргызской Республики, находящемуся за пределами страны, проверить себя в списках избирателей?
Мы рассказывали о том, что встать на консульский учет и сдать биометрические данные – обязательные процедуры, необходимые кыргызстанцам, проживающим за рубежом, для реализации своего избирательного права.
Согласно законодательству, граждане, сдавшие биометрические данные и состоящие на консульском учете за рубежом, автоматически включаются в список избирателей на соответствующем участке.
Проверить себя в списках можно и нужно онлайн, по ссылке https://tizme.gov.kg/. В графе «Регионы» следует выбрать пункт «МИД КР». Чтобы быстро найти себя в списке, можно ввести фамилию полностью и первые 3 буквы имени. В поиске вводятся только буквы русского алфавита. Если в фамилии встречается «уулу» или «кызы», то допускается один пробел между словами. Например, «Жениш уулу».
Участки для голосования будут размещены в посольствах и консульствах нашей страны. Окончательный список вывешивается на избирательном участке за семь дней до голосования.
Реализовать свое избирательное право – значит, сделать выбор, от которого зависит будущее страны!
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.