Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕРИ ТОЛУК УЛАНТЫЛАТ
2615
post-template-default,single,single-post,postid-2615,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕРИ ТОЛУК УЛАНТЫЛАТ

САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕРИ ТОЛУК УЛАНТЫЛАТ

«2020-жылдын аягына чейин пандемияга карабай, Өкмөт «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасын толугу менен ишке ашырууну улантат. Анын алкагында, ведомстволор аралык «Түндүк» электрондук системасына айыл аймактарын кошуу үчүн алгач жергиликтүү өз алдынча органдарында чарбалык китептердин негизинде электрондук базалар түзүлдү. «Санарип аймак», «е-Kyzmat», «Infodocs» системаларын ишке киргизүү иштери жүрүп жатат: 187 айыл өкмөтү маршрутизатор (роутерлер) менен камсыздалды, калган 266 айыл өкмөтү, Келишимге ылайык, август айынын аягында камсыздоо пландалган», — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, бул планда каралган багыттардын бири – билим берүү чөйрөсүндө аралыктан окутуу түрүнө өтүү. Учурда дистанттык окутууга карата мектеп мугалимдерин техникалык каражаттар менен камсыз кылуу маселеси да чечилүүдө. Алдын ала жүргүзүлгѳн мониторинг аркылуу ар бир региондордо аярлуу катмардагы 4 782 үй-бүлѳдѳ телевизорлор, 65 616 окуучуда смартфондор жоктугу аныкталды. Техникалык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча донорлор тараптан окуучуларга жардам көрсөтүлөт. Мобилдик операторлор тарабынан бекер интернет байланышы берилүүдө.
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.