29 Aug РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДАГЫ КР ЭЛЧИЛИГИ ТИЗМЕЛЕРДИ ТҮЗБӨЙТ, КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ТҮЗДӨН-ТҮЗ АВИАКОМПАНИЯЛАРДАН АВИАБИЛЕТТЕРДИ САТЫП АЛА АЛЫШАТ

КР ТИМ Россия Федерациясындагы Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Атап айтканда, Москва шаарында КР элчилиги, Санкт-Петербургдагы КР элчилигинин канцеляриясы, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы КР башкы консулдуктары Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн чартердик каттамдарга жарандардын тизмелерин түзбөйт.
Ошентип, 2020-жылдын 27-августунда Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган учурда элчиликке кайрылбастан, учакка билеттерди түздөн-түз кассалардан же «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «ТезДжет» жана «Урал авиалиния» авиакомпаниялардын расмий сайттарынан онлайн ала алышат.
Бүгүнкү күндө, аталган авиакомпаниялардын учактары Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан Бишкек жана Ош шаарларына каттап жатат.
Sorry, the comment form is closed at this time.