Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Ошко Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары учуп келди
2564
post-template-default,single,single-post,postid-2564,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Ошко Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары учуп келди

Ошко Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары учуп келди

➡ 18-августта “Ош” Эл аралык аэропорту “Сибирь (S7)” авиакомпаниясынын Новосибирск-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Россиядан 181 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.
🔹 Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.
🔷 Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк — Сахалинск, Владивосток, Петропавловск -Камчат, Якутск ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.
❗ Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.