21 Aug ОШКО МОСКВАДАН КЫРГЫЗСТАНДЫН 191 ЖАРАНЫ УЧУП КЕЛДИ, АЛАРДЫН КАТАРЫНДА ЖАШ БАЛДАР ДА БАР
21-августта «Ош» эл аралык аэропортунда «Сибирь» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Атайын комиссия тарабынан гуманитардын критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде түзүлгөн. Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан жарандар, туугандарын жоготкон жана башка оор турмушка кептелген жарандар кирген.
Чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча мүмкүн болгон каттамдары издөө иштери улантылууда.
Sorry, the comment form is closed at this time.