19 Aug ОШКО МОСКВАДАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫ УЧУП КЕЛДИ
2020-жылдын 19-августунда «Урал Авиалиния» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстанга Россиядан 245 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.
Бул каттам КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия жана Кыргызстандын тышкы саясый жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.
Борттогу орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан тизме Комиссия тарабынан түзүлгөн.
Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар киргизилген.
Sorry, the comment form is closed at this time.