Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Т.Т.Каймазаровдун Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-лейтенанты Казакова В.Л. менен видеоконференция аркылуу жолугуш
3162
post-template-default,single,single-post,postid-3162,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Т.Т.Каймазаровдун Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-лейтенанты Казакова В.Л. менен видеоконференция аркылуу жолугуш

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Т.Т.Каймазаровдун Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-лейтенанты Казакова В.Л. менен видеоконференция аркылуу жолугуш

2020-жылдын 25-декабрында Өкүлчүлүктө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Т.Т.Каймазаровдун Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-лейтенанты Казакова В.Л. менен видеоконференция аркылуу жолугушуусу болуп өттү.
Казакова В. Л. Россияда чет элдик жарандардын жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүүнү сунуштаган Россия Федерациясынын миграция мыйзамынын Концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу, каттоонун, жумушка орноштуруунун жол-жобосун санариптештирүү, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу талабын киргизүү, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн айрым категориядагы чет өлкөлүк жарандарды легалдаштыруу тартиби ж.б.у.с. жөнүндө маалыматтарды берди.
Ошондой эле, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясында мыйзамдуу жумушка орноштуруу максатында уюшулган тартипте жумушка тартуу системасын түзүү жана миграцияга чейинки билим берүү борборлорун ачуу маселелери талкууланды.
Ошол эле учурда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Т.Каймазаров Кыргыз Республикасынын жарандарын айрым административдик укук бузуулары боюнча Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө чектөө койулган адамдардын тизмесине киргизүү менен байланышкан көйгөйдү чечүү зарылдыгын белгилеп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында миграция жаатында маселелерди чечүү, Кыргызстандын жарандарына укуктук жардам көрсөтүү, Россиянын аймагында расмий жумушка орноштуруу, ошондой эле эмгек мигранттар Россия Федерациясынын аймагында коопсуз жүрүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө аналитикалык маалыматтар менен ыкчам алмашуу боюнча тыгыз кызматташтыкты улантуу макулдашылды.
_____________________________________________________________
25 декабря 2020 года Представительством организована видеоконференц связь Председателя Государственной службы миграции при Правительстве Кыргызской Республики Каймазарова Т.Т. с Начальником Главного управления по вопросам миграции Министерства внутренних дел Российской Федерации, генерал-лейтенантом полиции Казаковой В.Л.
Казакова В.Л. проинформировала о разработке проекта Концепции миграционного Закона РФ, предполагающего упрощение порядка пребывания иностранных граждан, о переводе в цифровой формат порядка учета и регистрации, трудоустройства, введении требования о сдаче биометрических данных для пребывающих, о порядке легализации некоторых категорий иностранных граждан пребывающих на территории РФ и т.д.
Также были обсуждены вопросы по созданию системы организованного набора и открытию центров домиграционной подготовки на базе ГУВМ МВД РФ в целях легального трудоустройства граждан Кыргызской Республики в Российской Федерации.
Вместе с тем Председателем ГСМ Т. Каймазаровым было поднята необходимость решения проблемы, связанной с попаданием граждан КР в список лиц, которым ограничен въезд в РФ по незначительным административным нарушениям.
По итогам встречи договорились продолжить тесное взаимодействие в решении миграционных вопросов, оказании правовой помощи гражданам Кыргызстана, официальном трудоустройстве на территории России, а также в оперативном обмене аналитическими и справочными данными о гражданах Кыргызской Республики в Российской Федерации предполагающие благополучное пребывание в РФ для трудящихся.
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.