Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы, Орусия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы “Кыргызстан-Урал” кыргыз диаспорасынын жетекчилигине жана мүчөлөрүнө, аталган диаспоранын юристи Бердиев Акжол Дастанбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терен кайгыруу менен көңүл айтат.
2850
post-template-default,single,single-post,postid-2850,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы, Орусия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы “Кыргызстан-Урал” кыргыз диаспорасынын жетекчилигине жана мүчөлөрүнө, аталган диаспоранын юристи Бердиев Акжол Дастанбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терен кайгыруу менен көңүл айтат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы, Орусия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы “Кыргызстан-Урал” кыргыз диаспорасынын жетекчилигине жана мүчөлөрүнө, аталган диаспоранын юристи Бердиев Акжол Дастанбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терен кайгыруу менен көңүл айтат.

Акжол Дастанбекович Бердиев, педагог, чыгаан юрист-адвокат жана Орусия Федерациясындагы кыргызстандык мекендештерибиздин эмгек укуктарынын активдүү коргоочусу эле.

Ал өзүнүн кыска жана өрнөктүү өмүрүндө адам укугун коргоо тармагына олуттуу салымын кошуп келди.

Өзгөчө белгилей кетсек 2017- жылдан баштап өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Орусия Федерациясынын Москва жана Екатеринбург шаарларындагы мигранттардын эмгек укуктарын коргоо боюнча адвокаттык тажрыйбасын жүргүзүп, жыйынтыгында мекендештердин ала албай калган эмгек акыларын мыйзам чегинде өндүрүп берүүдө жакшы жыйынтыктарга жетишкен.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында эмгек мигранттарынын кулчулукка кабылуудан алдын алуу жана сактануу ыкмалары, алардын мыйзам чегиндеги укук милдеттери туурасында көчмө семинар уюштуруп, окутуу иштерин жүргүзүп кетти.

Мындан сырткары, мигранттардын Профсоюздук уюмунун мүчөлөрүнө укуктук суроолор боюнча активдүү кеңешчиси болуп келген.

Бердиев Акжол Дастанбековичтин өрнөктүу өмүрү өсүп келе жаткан  жаш муундарга жана кыргыз мигранттарынын тагдырына кайдыгер карабаган ар бир  кыргыз жараны үчүн Мекенди, элди сүйгөн билимдүү, иштерман катары үлгү болуп калат деп ишенебиз.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.