Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагында 15-декабрга чейин мыйзамдуу түрдө жүрүү жана андан ары каттоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат
2741
post-template-default,single,single-post,postid-2741,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагында 15-декабрга чейин мыйзамдуу түрдө жүрүү жана андан ары каттоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат

Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагында 15-декабрга чейин мыйзамдуу түрдө жүрүү жана андан ары каттоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат

2020-жылдын 23 сентябрында Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путин 2020-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган №274 “Россия Федерациясында жаны коронавирустук инфекциясынын (COVID-19) таралуу коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жана жарандыгы жок жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар” жөнүндөгү жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизген №580 жарлыгына кол койду.
Аталган жарлыктын негизинде 18-апрелде кабыл алынган жарлыктын мөөнөтү узартылат, демек 2020-жылдын 15-декабрына чейин Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жана жарандыгы жок жарандардын убактылуу жүрүү мөөнөтү, алар жашаган же катталган жеринде мөөнөттөрү, эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттөр аталган убакытта бүткөн болсо, убактылуу токтотулат, башкача айтканда, катталуу мөөнөтү 15-март — 15-декабрь аралыгында аяктап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагында 15-декабрга чейин мыйзамдуу түрдө жүрүү жана андан ары каттоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бүгүнкү күндө РФнын ички иштер Министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча көп функционалдуу борборлору (МФЦ) токтоосуз иштеп жатышат.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өздөрүнүн жүрүүсүн мыйзамдаштыруу максатында ушул жылдын 15-декабрына чейин Россия Федерациясынын мыйзамында белгиленген тартипте миграциялык каттоодон өтүүнү же мөөнөтун узартууну сунуштайт.


23 сентября 2020 года Президентом России В.В. Путиным подписан Указ №580, который вносит изменения в раннее изданный Указ от 18 апреля 2020 года №274 “О временных мерах по урегулированию правового положения иностранных граждан и лиц без гражданства в Российской Федерации в связи с угрозой дальнейшего распространения новой коронавирусной инфекции (COVID-19)». Этим Указом фактически продлевается раннее установленный срок действия документа (с 15 сентября по 15 декабря 2020 года), принятого 18 апреля 2020 года и предусматривается, что на период до 15 декабря 2020 года, приостановлены течение сроков временного пребывания иностранных граждан и лиц без гражданства в Российской Федерации, и сроков на которые они были поставлены на учет по месту пребывания или зарегистрированы по месту жительства, в случае если такие сроки истекают в указанный период, т.е. граждане Кыргызской Республики, у которых сроки регистрации закончились в период с 15 марта по 15 декабря получают возможность до 15 декабря находится на территории РФ на законных основаниях, с последующим продлением сроков регистрации. На сегодняшний день отмечаем, что подразделения по вопросам миграции территориальных органов МВД России, а также многофункциональные центры предоставления государственных и муниципальных услуг (МФЦ) осуществляют работу. В связи с чем, Представительство Госслужбы миграции при Правительстве Кыргызской Республики в Российской Федерации рекомендует гражданам Кыргызстана, пребывающим на территории России, в целях легализации своего пребывания в срок до 15 декабря т.г. в установленном законом Российской Федерации порядке встать либо продлить миграционный учет.
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.