Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Коллегиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.
2033
post-template-default,single,single-post,postid-2033,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Коллегиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Коллегиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кечээ 11 февраль 2020 — жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Коллегиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты У.Т.Кыдыралиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын коомдук кенешинин мүчөсү А.Ж.Шабданова катышышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Төрагасы Б.С.Ибраимжанов жыйынды ачып, 2020-жылда аткаруу учун Миграция кызматынын алдыга койгон милдеттери туурасында кеңири баяндама берди.

Жыйындын жүрүшүндө Миграция кызматынын 2019-жылдагы жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу Төраганын орун басары С.Н. Токтоболотовдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу аталган кызматтын Мүдүрүнүн милдетин аткаруучу А.К.Алыбаевдин отчёттору угулуп, тийиштүү Токтомдор кабыл алынды.

Мындан сырткары Миграция кызматынын көйгөйлүү маселелери туурасында кеңири сөз болду. Атап айтсак, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар маселеси, ошондой эле адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча борбордук аппараттын курамында түзүмдүк бөлүнүштөрдү (сектор) түзүү зарылчылыгы жана чет өлкөдөгү диаспораларды колдоо жаатында иштеп жаткан түзүмдүк бөлүнүштү кеңейтүү зарылчылыгы бар экени белгилүү болду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук казыначылыгынан бөлүнгөн акча каражаттары Кайтыш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды компенсациялоодо жетишсиз болгондуктан, компенсациялар өз убагында төлөнбөй калып жатканы баса белгиленди. Мындай көрүнүштөрдү ыкчам чечүү, өзгөчө үй бүлөөнү жалгыз өзү баккан адамын жоготкон үй бүлөөлөр үчүн чоң колдоо болмок экендиги айтылды.

Азыркы учурда, Миграция кызматы региондук органдарынын жоктугунан улам миграция, анын ичинде иммигранттар, этностук кыргыздар жана качкындар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты толук кандуу жүзөгө ашырууга мүмкүндүк алуу максатында «Миграция жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү айрым маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомдун долбоорун кайрадан иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кароого киргизгендиги маалымдалды.

Мындан сырткары жыйындын катышуучулары Миграция кызматкерлеринин иштөө шарттары, материалдык-техникалык база, каржылоо жана башка ушул сыяктуу көйгөйлүү маселелерди кызуу талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты У.Т.Кыдыралиев. жыйындын сонунда сөз сүйлөп, аталган кызматтын аткарган иштерине өзүнүн жогорку баасын берип, Миграция кызматынын алкагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин өлчөмү министрликтин деңгээлинде жасалуучу өлчөмгө жеткенин зор жетишкендик деп баалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын коомдук кенешинин мүчөсү Шабданова А.Ж. өз сөзүндө жыйынды толук кандуу мамлекеттик тилде алып барган аталган кызматтын эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы ийгиликтүү кызматташууну уланта берүүгө чакырды.

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.