Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Кыргызстанда “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” маалыматтык онлайн-кампания өз ишин баштайт
2485
post-template-default,single,single-post,postid-2485,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Кыргызстанда “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” маалыматтык онлайн-кампания өз ишин баштайт

Кыргызстанда “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” маалыматтык онлайн-кампания өз ишин баштайт

Бугун, 2020-жылдын 29-июлунда Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатууга каршы күрөшүү күнүнүн алкагында “Жаштар колдойт” деген ураан менен чыга турган “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” маалыматтык онлайн-кампаниясы өз ишин баштайт.
Кампания башталгандыгы тууралуу республиканын жети облусундагы, Бишкек жана Ош шаарындагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештердин мүчөлөрү онлайн пресс-конференциялар аркылуу билдиришмекчи.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам онлайн режиминде өтө турган бул кампания учурунда COVID-19 пандемиясынын адамдарды сатууга байланышкан жагдайга тийгизген таасирин чагылдырмакчы.
Глобалдык пандемия ар бир адамдын жашоосуна оз таасирин тийгизип, өзгөчө аярлуу катмардагы адамдар эмгектенген жааттарда жумушсуздуктун өсүшүнө жана кирешелердин кыскарышына алып келди.
2020-жылдагы бул кампания калкка адамдарды сатуунун, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнүн жана жалпы эле жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери жөнүндө маалыматтарды берип турууга багытталган жана алар өздөрүнө эмгек, сексуалдык эксплуатациялоо, балдарга нике кыюу жана мажбурлап никеге тургузуу, балдар эмгегинин эң начар формалары жана аялдар менен кыздарга карата зомбулук маселелерин да кошо камтыйт.
Бугунку башталып жаткан маалыматтык онлайн-кампаниянын откон жылдардан өзгөчөлугу, ачык коомдук дискуссиялар, жарыштар, кызыктуу оюндар заманбап онлайн форматтарда өткөрулөт.
Ошол себептуу Мамлекеттик миграция кызматы калктын калын катмарын, озгочо жаштарды активдуу катышып берууну суранып кетмекчи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2020-жылдагы кампаниянын уюштуруучуларынын бири болуп эсептелет.
“Адамдарды сатууга каршы 100 күн” — бул калктын Кыргызстандагы адамдарды сатуу жана жөнгө салынбаган миграция көйгөйү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча элдик демилге болуп саналат.
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.