Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | КЫРГЫЗСТАНГА РОССИЯДАН 531 ЖАРАНЫБЫЗ КАЙТЫП КЕЛДИ
2600
post-template-default,single,single-post,postid-2600,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

КЫРГЫЗСТАНГА РОССИЯДАН 531 ЖАРАНЫБЫЗ КАЙТЫП КЕЛДИ

КЫРГЫЗСТАНГА РОССИЯДАН 531 ЖАРАНЫБЫЗ КАЙТЫП КЕЛДИ

23-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча каттамы учуп келди, бул борт менен Россиядан 152 КР жараны кайтып келди, алардын ичинде жаш балдар да бар.
24-августта Кыргызстанга «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча каттамы учуп келди, бул борт менен Россиядан 208 КР жараны кайтып келди, алардын ичинде жаш балдар да бар.
Бул каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк Сахалинск, Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан дагы КР жарандары учуп келди.
24-августта Екатеринбургдан Ошко «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясынын чартердик каттамы учуп келди, бул рейс менен Мекенине 171 КР жараны кайтарылды, алардын ичинде балдар дагы бар.
Аталган каттам менен Ошко Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Магнитогорск, Курган, Пермь жана башка шаарлардан кайтууга өтө муктаж болгон жарандарыбыз (ар кандай оорулары барлар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар, ошондой эле оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.
Авиакаттамдар чет мамлекеттерден мекенине келе албай жаткан биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулган.
Бул багыттагы иштер улантылууда.
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.