Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Бүгүн 2020-жылдын 4-мартында Миграция кызматынын жыйындар залында Миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Токтоболотовдун жетекчилиги астында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана этностук кыргыздардын өкүлдөрү ортосунда тегерек стол өткөрүлдү.
2104
post-template-default,single,single-post,postid-2104,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Бүгүн 2020-жылдын 4-мартында Миграция кызматынын жыйындар залында Миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Токтоболотовдун жетекчилиги астында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана этностук кыргыздардын өкүлдөрү ортосунда тегерек стол өткөрүлдү.

Бүгүн 2020-жылдын 4-мартында Миграция кызматынын жыйындар залында Миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Токтоболотовдун жетекчилиги астында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана этностук кыргыздардын өкүлдөрү ортосунда тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада негизинен этностук кыргыздардын көйгөйлүү маселелери көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды. Көйгөйлүү маселелердин катарында актуалдуу болуп, жарандык алууда бир топ тоскоолдуктарга дуушар болуп жаткандыктары айтылды. Алсак, 16 жаш курактан өтүп кеткен этностук кыргыздар жарандыкка документ тапшыра албай жатышкандыгына, жашап турууга укук берүү документин алууга топтолуучу документтердин көптүгүнөн мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына, ошондой эле жарандыкка кабыл алынган документтердин мыйзамда каралган мөөнөттөн бир топ кечиктирилип жаткан учурларга токтолушту. Мындан сырткары кайрылман сатусун алууда кароо мөөнөтү узарып кетип жаткан учурлар катталганын белгилешти.

Ошону менен катар, этностук кыргыздардын өкүлдөрү Калкты каттоо кызматы тарабынан “Жарандык жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси көтөрүлүп, бирок бир жылдан ашуун мезгилден бери  маселенин чечилбей жаткандыгына нааразы болушту. 2018-жылдын аягына чейин кайрылман күбөлүгү аркылуу жарандыкка документ тапшырууга мүмкүн болсо, учурда автоматташтырылган маалыматтык система ишке кирген соң паспорт жана жашап туруу документи менен гана документ тапшырууга болоорун, кайрылман күбөлүгү менен жүргөн этностук кыргыздардын жарандык алуу маселеси чечилбей жаткандыгын белгилешти.

Миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Токтоболотов жарандык алуу маселесинде жаралган көрүнүштөр боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жарандык маселелери боюнча комиссияда көтөрүлөөрүн, кайрылман күбөлүгүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашырбастан берүү колго алынаарын убадалады.

Жогоруда көтөрүлгөн маселелерди жакын арада чечүү жолдорун издөө менен, кийинки жолугушууда конкреттүү кадамдардын үстүндө иш алып барууну сунуштады.

 

 

 

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.