Бишкекке Санкт-Петербургдан Кыргызстандын жарандары учуп келди
17 Aug Бишкекке Санкт-Петербургдан Кыргызстандын жарандары учуп келди
Posted at 10:08h
in
Без рубрики
by adminssm

«Манас» Эл аралык аэропорту 15-августта «Урал Авиалиния» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Кыргызстанга Россиядан 162 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүүсү боюнча түзүлгөн ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан КР жарандарынын жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

COVID-19: Республикалык штаб
Sorry, the comment form is closed at this time.