Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары кайтып келди
2560
post-template-default,single,single-post,postid-2560,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

➡️ «Манас» эл аралык аэропортунда 17-августта «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алышты. Бул каттам менен мекенине Россиядан 153 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.
➡️ Авиарейс чет мамлекеттерден мекенине келе албай жаткан биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулган.
🔷 Бул каттам менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Салехард, Жаңы Уренгой, Надым, Курган, Магнитогорск, Пермь жана башка шаарлардан мекенине чукул түрдө кайтууга муктаж болгон жарандар (ар кандай оорулары барлар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор турмуш кырдаалына кептелген жарандар) учуп келди.
🔹 Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жарандарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам учпай калган «Авиатраффик» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.
❗️ Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү иштери улантылууда.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.