Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Ат-Башы районунда жашаган Памирлик кыргыз уй-булоону социалдаштырууда жергиликтуу калктын жана бийлик окулдорунун салымдары чон
2833
post-template-default,single,single-post,postid-2833,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Ат-Башы районунда жашаган Памирлик кыргыз уй-булоону социалдаштырууда жергиликтуу калктын жана бийлик окулдорунун салымдары чон

Ат-Башы районунда жашаган Памирлик кыргыз уй-булоону социалдаштырууда жергиликтуу калктын жана бийлик окулдорунун салымдары чон

Кыргыз Республикасына көчүп келген памирлик кыргыздардын бир үй-бүлөөсү учурда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жашап жатат. Аталган үй-бүлөөгө жергиликтүү бийлик тарабынан такай жардамдар көрсөтүлүп келүүдө. Атап айтсак, Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын тургуну Мамбеталиев Рахатбек Турсунбекович учурда памирлик үй-бүлөөнү өз камкордугуна алып, турак-жай курууга өзүнүн жер аянтын берген. Ошондой эле аталган жер аянтына “Лист” жоопкерчилиги чектелген коомунун Ат-Башы филиалынын директору Өмүргазиев Эсенбек Моңолдорович жеке каражаттарынын эсебинен турак-үй салып берүүдө. Жогорудагы иштер Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Стамакунов Таалайбек Акматбековичтин уюштуруучулугу астында өтүүдө. Ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан материалдык жардам, памирлик балдардын билим алуусун камсыздоо жана башка көмөктөр көрсөтүлүп келүүдө.
Аталган үй-бүлөөнү жумуш менен камсыз кылуу, балдарына жөлөкпул чектөө, социалдык жактан коргоого алууда Ат-Башы райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Султангазы уулу Тилектин көмөгүн белгилөөгө болот. Памирлик үй-бүлөөнүн социалдашуусуна, жергиликтүү калктын жашоо-тиричилигин, өзгөчөлүктөрүн кабыл алууга салымы чоң.
Миграция кызматынын төрагасынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 138-НИ буйругуна ылайык, Миграция жаатында тыгыз байланышта иш алып баргандыгы жана памирлик үй-бүлөөнү социалдык жактан колдоодо кошкон зор салымы үчүн Миграция кызматынын “Шериктештик үчүн” төш белгиси менен төмөнкүлөр сыйланышты:
1) Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын тургуну Мамбеталиев Рахатбек Турсунбекович;
2) “Лист” жоопкерчилиги чектелген коомунун Ат-Башы филиалынын директору Өмүргазиев Эсенбек Моңолдорович;
3) Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Стамакунов Таалайбек Акматбекович.
Миграция кызматынын Ардак Грамотасы менен сыйланышкандар:
1) Ат-Башы райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Султангазы уулу Тилек;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Дюшеналиева Ажаркүл Абдыкадыровна.
No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.