Государственная служба миграции при Правительстве Кыргызской Республики | Алай районундагы Сары -Могол айылында жашап жаткан этностук кыргыздарга Кайрылман статусун кубөлөндүрүүчү Ырастамалар тапшырылды
2144
post-template-default,single,single-post,postid-2144,single-format-standard,qode-listing-1.0.1,qode-social-login-1.0,qode-news-1.0.2,ajax_fade,page_not_loaded,,no_animation_on_touch,qode_grid_1300,footer_responsive_adv,hide_top_bar_on_mobile_header,qode-theme-ver-13.0,qode-theme-iprofikg,iprofikg,wpb-js-composer js-comp-ver-5.4.4,vc_responsive
 

Алай районундагы Сары -Могол айылында жашап жаткан этностук кыргыздарга Кайрылман статусун кубөлөндүрүүчү Ырастамалар тапшырылды

Алай районундагы Сары -Могол айылында жашап жаткан этностук кыргыздарга Кайрылман статусун кубөлөндүрүүчү Ырастамалар тапшырылды

   

   

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Алай районундагы Сары-Могол айылында жашап жаткан Афганистан Ислам Республикасынын Чон жана Кичи Памиринен келген этностук кыргыздар менен жолугушуп,11 үй-бүлөөнүн 28 мүчөсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине ылайык Кайрылман статусун күбөлөндүрүүчү Ырастамаларды тапшырып кайтышты.

Ошондой эле аталган аймактын жергиликтүү өзүн-өзу башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жоолугушуп, кайрылман деп таанылган 28 адамдын инсандыгын ырастаган жана анын үй-бүлөө мүчөлөрүн турган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында каттоодон өтүүдө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди алуусуна көмөктөшүп берүүнү өтүнүштү.

Кайрылман статусу — Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейинки убактылуу укуктук статус болуп саналат.

 

No Comments

Sorry, the comment form is closed at this time.